"Кумтөр" боюнча күнөөлүү 30 аткаминердин атын элге ачык айтуу керек" деди Төрөбай Зулпукаров

Депутат Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 21-февралда ЖКнын жыйынында каралып жаткан "Кумтөр" маселеси боюнча буларга токтолду: "Буга чейин "Кумтөр" маселеси боюнча бир дагы аткаминер жоопко тартылган эмес. Азыркы депутаттык комиссиянын корутундусун карасак, бул көйгөйдү эч кандай сот эмес, өзүбүз эле чече алат экенбиз. Ал эми экологиялык зыянды канадалыктар эч качан калыбына келтирип бере албайт. Бул маселе боюнча күнөөлүү деп Садыр Жапаровдун кайрылуусунда айтылып жаткан 30 аткаминердин атын элге ачык айтыш керек". Учурда аталган маселени талкуулоо уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан