Асылбек Жээнбеков Москва шаарында кыргыз мамлекетинин жарандары менен миграция, “кара тизмеден” чыгуунун жолдору тууралуу сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 28-майда жолугушууда эмгек миграциясы, билим берүү, “кара тизмеден” чыгуунун жолдору, күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоонун айланасында сүйлөшүшкөнүн билдирди. 

Жээнбеков алгач Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулушуна учкай токтолду. Анын айтымында, бул биримдикке кирүү процесси оңойго турган жок, эң башкысы, кыргыз бийлиги улуттук кызыкчылыгын коргой алды. 

"Кыргыз мамлекети ЕАЭБге өз кызыкчылыгын коргоп кошулуу менен тарыхый чечим кабыл алды. Бул президенттин, парламенттин, өкмөттүн төрт жылдан берки биргелешкен ишинин жыйынтыгы. Келишим ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттерде ратификациядан өткөн соң күчүнө кирет. Анын натыйжасында ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамиле мындан да жакшырат. Миграцияга байланышкан маселелерди чечүү жеңилдейт. Эмгек мигранттары Орусиянын жараны сыяктуу эле социалдык, медициналык жактан камсыздалат”,- деди Жээнбеков.  

Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештерибиз негизинен миграцияга байланышкан жагдайларга кызыгып, анын ичинде “кара тизме” маселеси кандай чечилерин сурашты. Төрага бул маселени Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен болгон жолугушууларда талкуулаганын маалымдады. “Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко маселени туура чечүү жагын карап чыгууну Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине тапшырып, биргелешип оң жыйынтыкка жетишерибизди билдирди. Орусиялык кесиптештерим бул маселени жеке көзөмөлүнө алууга убада беришти”,- деди ал. 

Мындан сырткары ал көтөрүлгөн маселелердин баары боюнча тийиштүү чара көрүлөрүн айтты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан