Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков медициналык кызматкерлерге сыйлык берүү керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, мамлекет тарабынан дарыгерлерди сыйлоого көңүл бурулбай жатат.
"Жакында ак халатчан дарыгерлердин майрамы белгиленет. Аларга тыйын берип жыргатпайбыз. Айрым медицина кызматкерлери күнү-түнү иштеп, өз жандарын багып жатышат. Алар Гиппократтын антын аткарышууда. Ак халатчандарды моралдык жактан колдоо катары Ардак грамоталар менен сыйлап койсок. Тилекке каршы, буга мораторий жарыяланган экен, бирок мындай жакшы иштерге салынбаш керек",- деди депутат.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасында Медицина кызматкерлеринин күнү жыл сайын июль айынын биринчи жекшемби күнү белгиленет. Быйыл бул күн 5-июлга туш келет.