"Кумтөр" маселесинин бүгүнкү деңгээлге чейин чыгышы - парламентаризмдин жемиши" дейт Каныбек Иманалиев
"Кумтөр" маселесинин бүгүнкү деңгээлге чейин көтөрүлүшү - парламентаризмдин жемиши". Депутат Каныбек Иманалиев ЖКнын 21-февралдагы жыйынында ушундай деп билдирди. "Бул маселени 2005-жылы эле көтөргөнбүз. Ал учурда Садыр Жапаров да, мен да ЖКнын депутаты болчубуз. Бирок ал учурда "Кумтөр" маслелеси бүгүнкү деңгээлге чыккан эмес" деди эл өкүлү. Иманалиев билдиргендей, бул маселени чечүү үчүн Канаданын өкмөтү менен достошуу керек. "Биз алар менен өз ара инвестицияларды тартуу, кылмышкерлерди кармап берүү жана маалымат алмашуу боюнча келишим түзүшүбүз керек. Ошондо гана алар бизге алдамчылар ким экенин таап беришет" деди ал.