Жогорку Кеңеште “КРнын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2015-жылдын 22-январында Бишкек шаарында кол коюлган гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Келишим шарттарына ылайык, Азия өнүктүрүү банкы кыргыз мамлекетинин билим берүү тармагын өнүктүрүү чараларына колдоо көрсөтүү багытында 22 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүдө. Гранттын 10 миллион доллары республикалык бюджетти бекемдөөгө, ал эми 12 миллион доллар билим берүү тармагына берилет.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, гранттык каражат негизинен 10-11-класстардын окуу китептерин жаңыртып иштеп чыгуу, мугалимдердин адистигин жогорулатуу жаатына жумшалмакчы. Жаңыдан иштелип чыккан окуу китептери улуттук стандарттарга ылайык бекитилет.
Министр айрым депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып сабактардын саатын кыскартуу демилгесин азырынча колдобой турганын кошумчалады. Андан сырткары окуу китептерин чыгарууга быйылкы бюджетте 100 миллион сом өлчөмүндө каражат каралганы белгилүү болду. Ошондой эле электрондук китептерди чыгаруу чаралары да колго алынууда.
Талкуу жүрүшүндө гранттык каражаттарды өз багытында жумшоо жана сарамжалдуу пайдалануу, окуу китептеринин сапатын жакшыртуу тууралуу пикирлер айтылды.