Анын 10,8 миллион доллары гранттык каражат, ал эми 13,2 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, алгачкы 6 жылы – жеңилдетилген мөөнөт. Насыя 0,75 пайыздык үстөгү менен бирилүүдө.
Каражат алдын ала алынып, 2014-2015-жылдагы күз-кыш мезгилинде калкты электр кубаты жана жылуулук менен камсыз кылууга жумшалганы белгилүү болду. Азыр ошол келишимди ратификациялоо милдети турат.