Жеке детективдик жана күзөт иштери менен алектенгендерге лицензия алуу талабы коюлат. Буга байланышкан мыйзамды 28-майда Жогорку Кеңеш кабыл алды.
Ошондой эле документке детективдик жана күзөт ишмердигин ишке ашырган кадрлардын атайын даярдыктан өтүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу талабы бар. Андан сырткары атайын даярдыктан өтпөй эле аталган кызматтарда иштөөгө укук коргоо органдарында үч жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга гана уруксат берилмекчи.