"Кумтөр" 20 жыл ичинде өндүрүлгөн алтындын 10 пайызын гана мамлекетке төлөгөн"
Бүгүн, 21-февралда ЖКнын жыйынында депутат Айнуру Алтыбева "Кумтөрдүн" эсебинен өлкөгө көп каражаттар түшпөй калганына токтолду. "20 жылдын ичинде "Кумтөр" Кыргызстанга 185 миллиард сом, башкача айтканда, өндүрүлгөн алтындын 10 пайызын гана төлөгөн. Ошондуктан коркпой туруп эле бул келишимди бузушубуз керек. Учурда башка өлкөлөр алтынды өздөрүнүн менчигине калтырууда. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде алтын казып алуу боюнча 3-орунда турат" дедиАлтыбаева. Айта кетсек, бүгүн парламентте "Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын иш жыйынтыгы талкууланууда.