Өкмөт алтын кендерин ачык казууну жана мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берүү укугун өзүнө алууну көздөөдө
Өкмөт алтын кендерин ачык казууну жана мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берүү укугун өзүнө алууну көздөөдө. Жогорку Кеңеш 28-майда буга байланышкан "Суу кодексине, “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Андан сырткары өзгөртүүдө алтын казган компанияларды алтын казуу учурунда иштеткен суу агындылары үчүн акы төлөтүү каралган. Мыйзам долбоорун Айыл чарба жана мелиорация министрлиги иштеп чыккан.