
* Мындан 87 жыл мурун, 1928-жылы Сүлүктүдөгү таш көмүр чыкчу кен Өзбекстандан кыргыз өлкөсүнө кайтарылып берилгендиги кабарланган. Ошентип, кыргыз-өзбек чек ара маселесиндеги талаш аймак тарыхый фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын пайдасына чечилген.

* Мындан 171 жыл мурун, 1844-жылы Орусия империясында сойкулар үчүн бир катар эрежелер пайда болгон. Ал эрежеде ар бир сойку бир күндө 5-6 гана кардарды тейлөөгө акылуу экендиги жазылган. Бул эреже киргизилгени сойкулардын баасы жогорулай баштаган. Орусияда сойкулук өзгөчө Екатерина IIнин тушунда күч алган. Алар эртең менен кадимки эле жумушуна кеткендей кетип, сойкулукту кесипке айландырышкан.
17-кылымда Орусияда биринчи сойкукана ачылган. Пётр Iнин тушунда Орусияда жоокерлердин көбөйүшү менен сойкулардын кызматына муктаж болгондор кескин өскөн. Революциянын келиши менен Орусияда сойкулук тыптыйпыл жоголуп, андан кийин кайра куруу доорунан тарта жандана баштаган.

* Мындан 98 жыл мурун, 1917-жылы АКШда афроамерикалыктардын укугун теңдөөгө чоң салым кошкон 35-президент
Жон Кеннеди төрөлүп, 1963-жылы 22-ноябрда киши колдуу болуп көз жумган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1963-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн.

* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы советтик жана орусиялык актёр
Александр Абдулов Орусиянын Тобольск шаарында театр кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кино дүйнөсүнө 1974-жылы аралаша баштаган. Актёрдун кинодогу эң алгачкы кадамы “Витя, Маша жана деңиз аскерлери жөнүндө” аттуу тасмадан башталган. Ал эми чыныгы атактуулук актёрго “Кадимки сыйкыр” аттуу фильминдеги ролунан кийин баш ийген. Анын эмгегинен жаралган дагы бир популярдуу кино – “Сүйүктүүңөр менен ажырашпагыла”. Андан кийин эле Абдулов катышкан “Так ошол Мюнхгаузен” (1979), “Сыйкырчы” (1982), “Свифт курган үй” (1983), “Сүйүүнүн эрежеси” (1984) жана башка кинолор биринин артынан бири жарык көрө баштаган. Александр Абдулов жалпысынан 140ка жакын фильмде роль жараткан. Акыркы жылдары “NEXT” сериалында, “Сүйүү жөнүндө”, “Муз доору”, “Капкан”, “Артист кыз”, “Лузер” сыяктуу тасмаларда аткарган ролдору аркылуу элдин жүрөгүнө сиңген.
2007-жылдын август айынан баштап ден соолугуна байланыштуу тасмага тартылууну убактылуу токтото турууга аргасыз болуп, врачтардын көзөмөлүнөн өткөн. Алгач ашказан жарасынан операция болгон. Андан соң чет элдик дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн Израилге барган. Ал жактан "IV даражадагы өпкө рагы" деген диагноз коюулуп, дарылана баштайт. Тилекке каршы, 2008-жылдын 3-январь күнү атактуу актёр Александр Абдулов каза болгон.