"Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча бүгүн, 21-февралда өтүп жаткан сотто жактоочу Азиза Абдрасулова депутат Камчыбек Ташиевдин Бакиевдер менен байланышы бар экендиги тууралуу эфирден маалымат берген КТРКнын кабарчысы Мирлан Мамытовду сотко чакырууну өтүндү. Ал эми Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Кубат Оторбаев эртең ал маалыматтарды тактап, сотко келбей коюшу мүмкүн экенин айтып, соттук чечим чыгарып анын эртең келүүгө милдеттендирүү керектигин белгиледи. Сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов Оторбаевге эртең бардык маалыматтарды жазуу түрүндө сотко алып келүү керектигин жана кабарчы Мирлан Мамытов да сотко келүүсү кажет экенин айтты.