Өкмөт башчы Темир Сариев 28-майда Астана шаарында Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы тараптар жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашканын билдирди.
Сариев Казакстандан кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимдерди ратификациялоону эртелетип берүүсүн суранды.
Жолугушуу Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында өттү.