Өкмөт башчы Темир Сариев 28-майда Астанага жасаган сапарынын алкагында Беларусь мамлекетинин өкмөт башчысы Андрей Кобояков менен кезигишти. Жолугушууда Сариев Беларусту кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимдерди ратификациялоону эртелетүүгө чакырды. Өкмөттүк аппарат ошондой эле жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу маселеси талкууланганын билдирди. Айта кетсек, Сариев бүгүн, 29-майда Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынына катышат.Темир Сариев буга чейин кеңештин жыйынында кыргыз мамлекетинин жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси караларын билдирип келген.