2012-жылы КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жүргүзгөн текшерүүдө 14 миң 734 мыйзам бузуу катталып, аларга 5 миллион 734 сомдук айып салынган. Бул тууралуу аталган мекеменин коллегиялык жыйынында инспекциянын директору Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, 5 миллион сом айыптын 2 миллион 600 миң сому төлөнгөн. Ошондой эле аталган инспекцияда учурда 567 кызматкер эмгектенери белгилүү болду.