Бишкекте Балдар күнүнө карата "Менин атам, апам - ишкер" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат

30-майда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата "Менин атам, апам - ишкер" аттуу сүрөт тартуу жана дил баян сынагынын жыйынтыктоо аземи жана көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда музейдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, иш-чаранын алкагында балдарды концерттик программалар, роботтордун таймашы, сүрөт тартуу, кагаздан буюмдарды жасоо жана башкалар боюнча мастер-класстар, балдар жазуучуларынан өз чыгармаларын окуп берүү жана Куурчак театрынан кызыктуу оюн-зоок программалары күтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан