Бүгүн, 29-майда президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Сооронбай Жусуевдин 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу аземге катышты. Анда Нарымбаев президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берип, президенттин атынан улуу акынга 500 000 (беш жүз миң) сом тапшырды.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Сооронбай Жусуевич!
Сизди 90 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Калың кыргыз эли сизди көркөм сөз чебери, кыргыз поэзиясында өзүнүн татыктуу орду бар, белдүү акындардын бири катары жакшы билет. Сиздин калемиңизден жаралган поэтикалык чыгармалар калың кыргыз журтчулугунун элегинен өтүп, өз окурмандарын тапканы – түйшүктүү чыгармачылыгыңыздын жемиши. Сиз Уильям Шекспирдин, Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Тарас Шевченконун, Расул Гамзатовдун, Омар Хайямдын, Абай Кунанбаевдин, Кайсын Кулиевдин жана башка дүйнөгө таанымал акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым коштуңуз. Чыгармачылыгыңыз Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыды.
Сиз Улуу Ата Мекендик согушта эл-жерди коргоого катышып, төшүңүзгө орден тагынып кайткан сыймыктуу жоокер акындардын бирисиз. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылып, “Ак шумкар” өзгөчө белгисинин тапшырылышы – сиздин талыкпаган, ташыркабаган чыгармачыл эмгегиңизге мамлекет тарабынан берилген эң жогорку баа.
Ардактуу Сооронбай Жусуевич!
Сиз өрнөктүү өмүр сүрүп, элиңизге, Ата Мекениңизге чын дилиңизден кызмат өтөдүңүз. Эми ак эмгегиңиздин акыбетин, элиңиздин, балдарыңыздын сыйын көрүп, төрдүн көркү болуп жүрүшүңүзгө тилектешмин.
Сизге чың ден соолук, узак өмүр, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!"