"Кумтөрдүн" зыяндуулугу боюнча 2003-жылдагы Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев эч нерсе айта алган эмес" деди Өмүрбек Текебаев

"2003-жылдагы кыргыз өкмөтү "Кумтөр" келишими мамлекетке зыяндуу экенин айтып Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок ошол кездеги Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев бул маселе тууралуу эч нерсе айта алган эмес. Мындай адамдардын аты айтылышы керек". ЖКнын 21-февралдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, "Кумтөр" маселеси боюнча 2012-жылы түзүлгөн депутаттык жана мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы колдоого аларлык. Жер, суу, токой элдики экенин айткан депутат бул маселени өкмөткө тапшырып, тез арада чечүү керектигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан