Бүгүн, 21-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Т.Сыдыкбеков атындагы китепканада эл аралык эне тил майрамы белгиленет. Иш-чара “Улуттар аралык ынтымак, эне тилди сүйөбүз” аталышында өтөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын социалдык жана саясий секторунун башчысы Азамат Чыныбаев билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага ар кайсы улуттун өкүлдөрү келип катыша алышат. Кеченин катышуучулары кыргыз тилиндеги ырларды аткарышып, өздөрү жазган ырларды көркөм окушат. Соңунда сынактын жеңүүчүлөрүн кызыктыруучу сыйлыктар күтөт.