Жылнаама, 30-май: Мындан 93 жыл мурун генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов туулган

* Мындан 93 жыл мурун, 1922-жылы генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында туулган. Эмгек жолун колхоздо эсепчи, жети жылдык мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1941-жылдын ноябрынан баштап Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1942-жылдын январь айынан тартып Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Степной, 2-украиналык фронттордо замбиректин наводчиги жана командири катары немистик фашисттер менен салгылашкан. 1943-жылдын март айында замбиреги менен өз багытындагы душмандын танк менен койгон чабуулунун мизин кайтарып, ушул эрдиги үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам алган. 
Согуштан кийин Ульяновскиден Биринчи Гвардиялык танк окуу жайын, Согуштук-саясий академиясын бүтүргөн. Танк взводунун, танк ротасынын командири, полктун командиринин саясий жактан орун басары, КРнын согуш комиссариатында пропагандист, Токмок шаардык жана Чүй райондук бириккен жана Фрунзе шаарынын Ленин райондук согуш комиссары, Согуштук мектеп-интернаттын директору болуп иштеген. Ленин, Согуштук 5, Ардак белгиси, III даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. КРнын Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. 
Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда каза болгон.
 
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы франциялык ойлоп табуучу, бир жолу колдонулуучу буюмдардын “атасы” Марсель Бик 80 жашында дүйнө салган. 
Дүйнөнү өзгөрткөн эркектердин катарына кирген Марсель Бик Италиянын түндүгүндөгү француздар көп жашаган Турин шаарында 1914-жылы 29-июлда туулган. Атасынын иши боюнча көчүп жүрүшкөндүктөн, мектептеги билимди Франциянын Бордо шаарынан, Италиядан, Мадридден алган. Кийин Франциядагы атактуу Карно лицейине тапшырып, математиканы жана философияны тереңдетип окуган. 18 жаш курагында эле ал Парижде ар бир үйдү кыдырып кол чырак сатуу менен акча тапкан. Окуусун аяктап, машина куруучу фирмага менеджер болуп кирет. Экинчи дүйнөлүк согуштун айынан анын карьерасы токтоп, 1945-жылы кайрадан жашоодон өз ордун издеп баштаган. 
Согуштан кийин досу экөө 1000 доллар чогултуп, ошол мезгилде калктын чоң кызыгуусун жараткан калем саптын негизин (стержень) жасап чыгара башташат. Марсель анын сапаты анча эмес экенин түшүнүп, бир гана жолу колдонулчу, арзан, бирок сапаттуу калем сап жасоону чечет. Ага 4 жыл коротот. Анан ойлоп тапканын чоң компанияларга сунуштайт. Тобокелдикке баруудан баш тартып, бирөө да макул болбойт. Ошондо Марсель “Бик” аталышындагы калем сапты чыгарууга бардык күчүн жумшайт. 1953-жылы Францияда алгачкы ирет бир жолу колдонулуучу калем саптарды элге сунуштайт. Буга көпчүлүктүн көзү түшүп, эл аябай көп сатып ала баштайт. Марсель кыялында күнүнө 10 миңди сатууга жетишүүнү ойлосо, иш жүзүндө күнүнө 200 миңден 250 миңге чейин сатыла баштаган. Мындай ийгиликтен кийин Марсель дүйнөлүк рынокту багындырууга аттанат. Ошентип, анын “Сесайт Бик” компаниясы негизделет. 
Андан соң Марсель бир жолу колдонулуучу оттуктарды (зажигалка) чыгарууга бел байлайт. Бул тармакта анын эң негизги атаандашы “Жиллетт Крикет” фирмасы болгон. Марсель Бик өжөрдүк менен эмгектенип, 1980-жылдары “Жиллетт Крикетти” рыноктон сүрүп чыккан. Тынымсыз күрөшкө көнүп калган бул инноватордун кийинки кадамы бир жолу колдонулуучу устара чыгарууга багытталган.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Минск шаарындагы "Немига" метро станциясында түртүштөн 54 адам өлгөн. Минск спорт сарайында өткөн "Мир" радиосунун бир жылдык салтанатына катышкан 14-18 жаштагы жаштар күтүүсүз жааган нөшөрлөгөн жамгырга кабылып, "Немига" метро станциясына кире качышкан. Өрөпкүгөн жаштар бири-бирин тебелеп, ал адам өлүмүнө себепкер болушкан.
30-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан