
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы кыргыз өлкөсүндөгү эң көп нускалуу
"Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн. Гезит ал кезде сканворд, баш катырмаларга басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштаган. Ошентип, "кыргыз өлкөсүндөгү номур биринчи гезит" атагына ээ болгон.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кыргыз мамлекетинин аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдынкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан. Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу "Учкун", "ММКларды колдоо борбору" жана "Рубикон" басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Супер-Инфо" гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да биринчи орунду ээлегенин белгилеген. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.

* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы бильярдчы
Канат Сыдыков Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган. Ал 14 жашынан тартып бильярд ойноп, кыргыз жеринде өткөн Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону жана Эл аралык класстагы спорт чебери.

* Мындан 156 жыл мурун, 1859-жылы Лондондогу Биг-Бен сааты иштей баштаган. Ал Улуу Британиянын Лондон шаарында Ыйык Стефан Вестминстер сарайында жайгашкан. Саат жебесинин узундугу - 2 м 70 см, ал эми мүнөт жебеси - 4 м 30 см. Ар бир сан 61 сантиметрди түзөт.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы мексикалык актриса жана телеалпаруучу
Виктория Руффо Мехикодо төрөлгөн. Актрисанын толук аты-жөнү – Виктория Эухениядель Рио Морено Руффо. Актрисалык карьерасын 1980-жылы “Бир врачтын маселеси” аттуу теленовеллага тартылуу менен баштаган. Андан соң “Мен кызыл өң менен жашайм” деген тасмага тартылган. 1989-жылы “Жөн эле Мария” аттуу сериал актрисанын багын ачып, жөнөкөй актрисалыктан мегажылдызга айланткан.