Жылнаама, 1-июнь: Мындан 89 жыл мурун XX кылымдын эң популярдуу актрисаларынын бири Мэрилин Монро төрөлгөн

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы КРнын Коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында төрөлгөн. 1983-жылы Алма-Атадагы Жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 2003-жылы Орусиянын Жалпы аскердик академиясын бүтүргөн. Мотоаткычтар взводунун командирлигинен аскерлер тобунун командачылыгына чейинки кызматтарды аркалаган. 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскер окуу жайынын жетекчиси кызматында эмгек өтөгөн. 2009-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2010-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министри кызматына дайындалган. 2014-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министри кызматына дайындалган. 1999-2000-жылдары Баткен облусунун аймагындагы эл аралык бандалык түзүлүштү тыңдоо жана жок кылуу боюнча аскердик операцияларга катышкан. 3-даражадагы Манас ордени, Эрдик медалы жана башка юбилейлик сыйлыктар менен сыйланган.
 
* Мындан 89 жыл мурун, 1926-жылы америкалык актриса, ырчы, XX кылымдын эң популярдуу актрисаларынын бири, секс-символ Мэрилин Монро АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкен. 
1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталган. 1950-жыл Мэрилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда “сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт” деп кууп жиберген “20-кылым – Фокс” кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы актриса айтылуу “Жигиттерге сары чачтуулар жагат”, “Кыздардын эң жакын курбулары – бриллианттар” деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон. 
Мэрилин Монро 1962-жылы 5-августта Калифорния штатынын Брентвуд шаарында, өз үйүндө көп өлчөмдөгү уйку дарысын ичип алып 36 жаш курагында каза тапкан.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум Германиянын Бергиш-Гладбах шаарында туулган. Ал 19 жашында Мюнхенде өткөн сулуулар сынагында 25 миң катышуучу кыздын ичинен жеңүүчү аталган. Мектепти аяктагандан кийин Дюссельдорфтогу дизайнерлик окуусун таштап, Нью-Йоркко жол тарткан. 
Хайди Клум айымдардын ички кийимин чыгаруучу "Victoria's secret" компаниясынын ишенимдүү моделдеринин бири болгонго жетишкен. Ал мода дүйнөсүнөн жетишерлик атак алган соң популярдуулугун өз пайдасына колдоно алган. Бут кийимдерди, чач жасалгалоо үчүн каражаттарды, айрым моделдер жегенден корккон таттууларды, фаст-фудду жарнамалап келген. Атактуу немис улутундагы модель 2008-жылы "Форбс" журналынын изилдөөсүндө дүйнөнүн 15 эң бай моделдеринин тизмесине кирген.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Рио-де-Жанейродон Парижге учуп бараткан А330 учагы Атлантика океанына кулап түшүп, 228 киши көз жумган.
1-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bors
2015-05-31 17:24:36
Эх Мерилин канча эркектерди суйдуруп кыйнадынгоо .
0
Koshaly
2015-05-31 19:25:26
Мерлин эрте кетткени окунучту экен болбосо канча деген ийгиликтерди жартмак ким билет
0
Azamat.abdrahmanov
2015-06-01 00:24:58
торолсо не болуптур Кыргыздар калбадыбы
0
Bors
2015-06-01 12:20:04
Azamat.abdrahmanov, ХХХ ХХХ ХХХ сени имени бизге окшогон адамдарды дуйного атагы чыккан адамлардын кыска омур баянын билсин дегени. Кыргызстандан сыртка чыкпай журо берсек ХХХ ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2015-06-01 15:27:34
Bors - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
-1
Мэри
2015-06-01 01:57:22
)))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан