"Кумтөрдүн" кесепетинен Нарын дарыясы тоңбой калганы айтылды

"Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Улан Жанбаев ЖКнын 21-февралдагы жыйынында аталган алтын кенинин экологияга тийгизген таасири тууралуу мындай деди: "Нарын элинин атынан комиссиянын мүчөсүнө кошулгам. "Нарындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары 2010-жылдан бери эле бул көйгөй боюнча президентке кайрылып келгенбиз. Нарын суусунун кышында тоңбой калышы, балыктардын азайышы, дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү тууралуу бир канча жолу айтканбыз. Бирок тиешелүү жооп боло элек. Бүгүнкү күндө үнүбүздү бардык депутаттарга жеткире алганыбызга ыраазымын".  Ушундай пикир айткан Жанбаев "Кумтөр" маселеси элдин кызыкчылыгына чечилиши керектигин баса белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан