Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу боюнча насыялык макулдашуу ратификацияланды

“2014-жылдын 25-июнунда Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 30-майда кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш  тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн насыялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан