ЭЛДИК КАБАР: Бишкек-Ош унаа жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа ала салып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунун 192-чакырымында катуу ылдамдыкта келе жаткан Ниссан үлгүсүндөгү унаа ала салып кетти. Кырсык 29-май күнү эртең менен саат 9:30 чамасында катталганын окурман 30- майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Айдоочу жеңил жаракат алып, Токтогул шаарындагы ооруканага жеткирилди. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
zhenishmyrza
2015-05-30 23:50:05
талашбагылачы аласалып деген соз аз колдонулган учун тушунбой жатышат. орусчаны суйо суйлоп,кыргызчаны окумай тургай суйлой албаганы толуп жатат кыргызстанда. болбосо ошол адамдар кыргызстанда эле туулуп оскондор.
0
Koshaly
2015-05-31 00:49:51
кыргыз тилин унуттуп бараткансынар гоо
0
MurJenDuishabaevizh
2015-05-31 01:12:10
кудай сактасын эч ким кырсыкка кабылбасын
0
malika14
2015-05-31 03:55:40
kirsik kash kabaktin ortosynda dei bele etiat bolyy kerek tynchtyk ele bolsyn.
0
samat0094
2015-05-31 05:40:19
ала салып деген созду биринчи угуп атам
0
st1m_
2015-06-02 10:32:29
samat0094, Аман болсон дагы далай угасын.Сен айткан создор жогоруда айтылган кайталоонун кажети деле жок эле, андан коро жакшы тушундурмолор айтылыптыр ошону окуп тушунуп кой кереги тийет.
0
rasan
2015-05-31 07:57:27
Ала салып деген созду тушунбогондор бар экен э тобоо уят эле!
0
aibo_85
2015-05-31 08:00:31
кыргыз тилинде аласалып деген сөз бар, кошулуп жазылат. Гезит китеп окуп койсоңор киргиздер.
+1
Jigitronic
2015-05-31 08:46:42
Кыргызча сөзгө түшүнбөй аласалып кеттиңерби бардыгың.
0
saru
2015-05-31 10:02:54
Урматтуу Кыргыз жаштары,Орусча тантырагыча Кыргызча так суйлогонду уйронсонор боло,аласалып деген созду билбеген адам,анда ал чала Кыргыз.Кыргыздын каада салтын,урп адатын,тилин жана Тарыхын билбегендерге келечекти аманат кылбай эле койгон жакшы.
+1
Sultanim
2015-05-31 10:16:36
Мэри азамат!
+2
nazi25
2015-05-31 10:41:30
Уят жаштар!Ала салып деген сөздү түшүнбөсөңөр.Китеп окубаганыңар көрүнүп турат.Көп көп адабий китептерди окугула.
+1
Sayragul
2015-05-31 15:21:54
Тобоо, аласалып деген созго тушунбогон кыргыз деги омурундо китеп бетин ачпаганы билинип турат. Сабатсыздыктын белгиси. Аласалып- оодарылып коп соз бар тушундуро турган.
0
admin_portal
2015-06-02 11:07:20
zarbaliktik - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Мэри
2015-06-02 16:36:29
Баарыңарга ыраазычылык!Айтайын дегеним, кыргыздын төл сөздөрүн, нукура сөздөрүн унутпай, колдонуудан чыгарбасак. Байкасаңар керек, учурда чет тилинен кирген сөздөр тилибизге жакшы "отурукташып" алышты. Ага чейин деле араб, иран, монгол, орус тили аркылуу кирген сөздөр көп эле, бир эле сүйлөмдү алсаңар, ичинде жок дегенде 2-3 кабыл алынган сөз бар болот. Ал сөздөр кааласак да, каалабасак да кирет, бирок мүмкүн болушунча өзүбүздүн тилди аздектөөгө аракет кылышыбыз керек го...
0
Мэри
2015-06-02 16:47:30
Анан жогорудагыдай болуп "ал эмне, бул кандай, ал андай эмес" деп өзүбүздүн сөздөрүбүздү "тааныбай" жерисек кандай болуп калат...
Унутуп баратсак эстейли, билбесек билип алалы, анткени кыргыздын тили - улуу тил, бай тил, океандай "Манасты" жараткан тил...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан