Темир Сариев "Кумтөр" боюнча жазган Садыр Жапаровдун кайрылуусун сынга алды

"Кумтөр" ишканасынын чоо-жайын иликтөө үчүн 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, КРнын Экономика министри Темир Сариев депутат Садыр Жапаровдун бүгүн ЖКнын жыйынында окулган кайрылуусун сынга алды. Анын айтымында, бул кайрылуу бир жактуу болуп калды. "Биз "Кумтөрдөгү" 20 жылдан берки маселенин баарын айтып чыгабыз деген сөздү айткан эмеспиз. Ал эми Жапаровдун билдирүүсү мени туура эмес ойго түшүрүп жатат. Жапаровдун "өкмөттүк комиссия" дегени туура эмес, бул мамлекеттик комиссия. Экинчиси - "Кумтөргө" күнөөлүү 30 аткаминердин ысымы бар деп жазылыптыр. Андай болсо ал кайрылууну окуган Жылдыз Жолдошова алардын атын атасын. Бул кайрылууда биздин комиссияны "сатылып кетти" деген сөзү бир жактуу болуп жатат. Мен өзүм жөнүндө айтсам, мен эч убакта жаман ишке барган эмесмин. Жапаровдун айткандары туура эмес",- деди Сариев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан