Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мекендештерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди эң жарык жана куттуу майрам – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктаймын!

Ата-энелердин илгери үмүтү, өлкөбүздүн келечеги – биздин балдарыбыз. Алар биздин жашообуздун маңызы жана сүймөнчүгүбүз.

Азыркы татаал учурда балдар ата-энелердин да, мамлекеттин да өзгөчө камкордугуна муктаж.

Балдарга зомбулук көрсөтүүлөр менен аёосуз күрөш жүргүзүп, жетимдерди камкордукка алуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо – мамлекеттин парзы.

Ошондой болсо да коомубузда өз ата-энелеринин, жакын туугандарынын жана айрым мыкаачылардын зордук-зомбулугуна туш болуп, кордолгон балдардын көбөйүп жатышы бизди өтө тынчсыздандырат.

Балдардын, айрыкча ата-энесинен айрылып калышкан балдардын тагдыры, алардын укуктарын жана адамдык абийир-ариетин коргоо биздин башкы милдетибиз болушу керек. Аларды өгөйлөбөй камкордукка бөлөп, бактылуу балалыктын доорун сүрүшү үчүн, коомго пайдалуу болуп жетилиши үчүн шарт түзүү – ар ата-эненин гана эмес, мамлекеттин да парзы. Кыргыз өкмөтү балдардын өсүп-жетилиши үчүн, үй-бүлөлөрдүн бакубат турмушта жашоосун камсыз кылуу, аларды социалдык жактан колдоп, коргоо үчүн зарыл шарттарды түзүшү керек.

Бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон бала гана бактылуу боло алат. Балдар – биздин келечегибиз жана алардын көңүлү куунак, ден соолугу чың, илим-билимдүү жана жан дүйнөсү бай адам болушу үчүн бардыгын жасайлы!

Кымбаттуу балдар! Асманыңар ачык, айыңар жарык болсун, күнүңөр көңүлдүү, көңүлүңөр куунак болсун. Ар бир күндү эстен кеткис кызыктуу жана ийгиликтүү өткөргүлө. Анан, албетте, жакшы окугула. Силердин билимиңер келечекте өзүңөргө гана эмес, өлкөбүздүн келечегине да кызмат кылат.

Силерге узун өмүр, бекем ден соолук каалайм, таалайыңар тоодой болсун. Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибизди, өлкөнү бекем сүйгүлө!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан