Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 21-февралда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Коргоо кеңешинин 2013-жылдын мартында өткөрүлө турган отурумунун күн тартиби талкууланды. Анда энергетикалык коопсуздукту камсыздоо маселелери, элдин биримдигин жана улуттар ортосундагы мамилелерди чыңдоо концепциясынын долбоору, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо маселелери каралышы болжолдонууда. “Быйылкы кыш Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси абдан курч экендигин көрсөттү. Андыктан биз өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жакшы ыргагыбыздан жазбашыбыз керек” деди өлкө башчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан