Нарын. Ордо оюну боюнча мелдеш башталды

Бүгүн, 21-февраль күнү Нарын шаарында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнѳ карата улуттук ордо оюну боюнча облустун биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Нарын облустук Ордо федерациясынын президенти Жолдубай Сүйүнбаев билдирди. Мелдешке 8 команда катышууда. Оюн 2 күнгө уланып, биринчи орунду алган команда 1-даражадагы кубок, диплом, медаль жана 3500 сом акчалай сыйлык менен сыйланат. Экинчи жана үчүнчү орунду алган командалар дагы 2-3-даражадагы кубок, диплом, медалдар менен сыйланып, акчалай сыйлык ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан