Кыргызстанда калктын 76 пайызы медициналык жактан камсыздандырылган. Бул тууралуу КРнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун биринчи орун басары Алмаз Иманбаев билдирди. “Калктын 24 пайызы медициналык жактан камсыздандырылбагандыгына байланыштуу биздин фонд тарабынан жарандардын баарын камсыздандыруу тутумуна киргизүү үчүн атайын долбоор даярдалууда. Камсыздандырууга кирбей калгандардын көбү расмий түрдө каттоодон өтпөй иштегендер”,- деди Иманбаев. Ошондой эле камсыздандыруу төлөмүн которуп жаткандарга ооруканаларда фонддо болгон дары-дармек бекер берилерин, ошондой эле тамак-аш да акысыз экендигин айтты.