Каныбек Иманалиев: “Центерранын” президентинин айлыгы 3 миллион доллар”

"Кумтөрдө" алтын казып жаткан “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон айына 3 миллион доллар айлык алат. Бул маалыматты ЖКнын 21-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Айтымында, дүйнөдө эң көп айлык алган Сингапур өлкөсүнүн премьер-министри да 2 миллион доллардын тегерегинде эле айлык алат. “Дүйнөдөгү эң кедей мамлекеттердин катарына кирген Кыргызстанда алтын өндүргөн компаниянын президенти 3 миллион доллар маяна алса, директорлор кеңешине мүчө болгон кыргызстандык 3 адамдын бир жылдык кирешеси парламенттеги 90 депутаттын маянасынан көп”. АКШнын президенти да 3 миллион доллар айлык албайт",- деди Иманалиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан