Бүгүн, 21-февралда "ата журтчу" депутаттар боюнча өткөн кезектеги соттук отурумда депутат Талант Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаев окшош көрсөтмө берген милиция кызматкерлерин суракка албай эле коюуну соттон өтүндү. “Бир нече милиция кызматкерлери бири-бирине окшош көрсөтмө берип жатышат. Бардыгы тең эле эч кимдин колунда курал болбогонун билдиришүүдө, мүмкүн болсо, маанилүү көрсөтмө бере турган күбөлөрдү сурайлы” деди жактоочу. Сот жактоочунун бул өтүнүчүн канааттандырды. Бирок бүгүнкү отурумга келген күбөлөр сурала турганын билдирди.