Дүйнөлүк банк энергетика жаатындагы абалды жакшыртуу үчүн 25 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде "2015-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Каржылоо жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралды.  

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев келишимге ылайык алына турган бул каражат "Түндүк электр" ААКсынын электр кубатын жоготуусун жана ашыкча чыгымдарды азайтуу багытында жумшала турганын айтты. "Каражат заманбап көмөк чордондорду курууга, "акылдуу" эсептегичтерди орнотууга жумшалат. Азырынча Чүй аймагындагы абалды жакшыртып алсак, андан кийин башка аймактарда да ушундай эле иштер колго алына баштайт",- дейт ал.

Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк бул багытта 25 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Анын ичинде 11,25 миллиону грант, 13,75 миллиону насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Жогорку Кеңештин комитети долбоорду дароо эле үч окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан