
* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы акын, жазуучу
Анатай Өмүрканов Талас облусундагы Манас районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында туулган. Ал 1961-жылы Арал орто мектебин,1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен жарык көргөн. Акындын ырлары орус тилинде да басылып чыккан. 20га жакын поэтикалык жыйнактын автору.

* Мындан 111 жыл мурун, 1904-жылы 100 метрлик аралыкты 1 мүнөткө чейин биринчи сүзүп өткөн америкалык суучул, Олимпиаданын 5 жолку чемпиону, 67 дүйнөлүк рекорддун ээси
Жонни Вайсмюллер туулуп, 1984-жылы 20-январда 79 жашында көз жумган. Аны көпчүлүк актёр катары да жакшы таанышкан. Себеби ал айтылуу "Тарзан" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан.

* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы “Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр
Уэнтуорт Миллер Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында төрөлгөн. Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бири менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат жана ал жакта операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон.
Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен, Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Пакистандагы Даниянын элчилигинин жанында террорчу мина коюлган машинаны өзү менен кошо жардырып жиберген. 6 киши өлүп, 24 адам ар кандай жаракат алган.