ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абаддагы үлпөт тоюнда 10го чукул унаа жол чыракка карабай, шаар ичинде баш аламандык жаратты

Жалал-Абад шаарында жаш түгөйлөрдүн каттоого туруусу үчүн 10дон ашык унаа жалданып, бул шаардын ичиндеги жолдо ыңгайсыздык жаратты. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, унаалар 2-3 катар болуп жолду толугу менен ээлешип, жол чыракка да көңүл бурушкан жок. "Үлпөт тоюна 5 унаа чыкса деле жетиштүү болот да",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
MurJenDuishabaevizh
2015-06-01 21:58:04
бактылуу болсун
0
A3A
2015-06-02 00:49:29
MurJenDuishabaevizh, Бакиев ушинтип үйлөндү беле?
+1
fanatka19
2015-06-01 22:06:00
Бактылуу болсун.бирок ушул туура эмес.Ошто да ушинтип жолду тосуп алышат.анан да аркаларына машиналарды тизип алып,башка машиналар пробкада ызылдап сигнал берип,ызы чуу болуп атса,эки жаш жоо басып алгандарычы куйгузот жон эле.
+3
Rashinboy
2015-06-01 22:13:22
Алынарга карап иш кылсанарчы жаштар, коп эле коруп журом ата-энесин кыйнаган жаштарды. Ушунча акча чачып, жолду тороп ЗАГСка чыккыча ошол акчага белек алып, балдар уйуно барып жардам корсотуп ошол жактан видеого тушуп мактансанар деле болот го, за то ал видеонорду миллиондогон эл коруп батасын берет силерге.
+6
temirov76
2015-06-01 22:48:34
Ким каалагандай чыкса чыга берет го бирок ашыкча пайдасыз ысырап болуп кетсе анын да кийин жообу болорун унутпаш к/к,шаар ортосунда элге ынгайсыздык жаратканы да туура эмес алардын арасында масы да соосу да болот,ээн жерге барып алып каалашынча журо берсе жакшы болмок.
+2
Nuranna_93_kg
2015-06-01 23:16:31
Айрыкча ушул Ош жана Жалалабад областтарында улпот тою ашыкча ашыкча эле болуп кетип жатат.Бул ысырапкорчулук.
+4
nurchik05
2015-06-01 23:58:58
каалаганча машине менен чыгысын эртен силердин башынардан отот мисалы менин досторум коп достордун тойлорунда 2бала бир машине жалдайбыз ошондо 15тей болуп кетет бир гана тартипти сакташыбыз керек
+2
modem4999
2015-06-02 00:16:54
Суйлогонубуз доллар ,эвро,подартеткенибиз аргымак,мингенибиз джип анан Кыргызстан онолбойт?!
+3
warsaw.
2015-06-02 00:26:01
бул жерде күйөө баланы айыптуу кылган туура эмес,ал бала деле күчүнө жараша машина кылып загска чыкты,күнөө ошол гелен вагендерди башкарган водителдеринде болуп атпайбы арендага машина минип алып жол эрежесин сактабай,күйөө бала машинада отуруп алып жол эрежесин бузуп айдагыла деп буйрук берсе эле водителдер аткара бербесе керек менимче
0
damir11
2015-06-02 01:02:58
Геликтерго жалан.
0
mira28
2015-06-02 01:43:33
Баланын досторун да элди да кыйнап кайдагы бир кымбат машиналарды арендага алгандан коро ошол акчага уй буюмдарын же жаны уйлонгондорго эс алууга чет олкого путевка алып берсе ошол эсте каларлык жана пайдалуу го
+2
malika13
2015-06-02 01:53:16
Байдын же министирдин баласы да светофорго карабанына караганда
+2
chalkan
2015-06-02 09:38:34
Бай эмес Бомж болсода адам болуш керек, адамдык касиетин унутпаш керек. Кээ бир акчасына чиренген адамдарды угуп калдым: "Үй бүлөбүз менен аман бололу"-деп тост көтөрүшөт экен, а башка элдер эмне болот, элди ойлош керек туугандар.
+2
renessans
2015-06-02 11:48:28
Картеджди айдаган шоферлор бузат да..Боло берет деп..Куйо балада куно жок ,достору чыгарат да машиналарды..достору 50 грамм ичип алып озумдан жыттанса болду деп "Брат айда я отвечаю!!"деп.Башына бир чапсан коко тыйын чыкпайт..Той тойдой болуш керек,душман козуно ДЕЛАЙ олувам кетсин)),бирок чекедеги адамдарды да ойлош керек.Балким биро жарым больницага шашылып аткандыр.Озу эн сонун автобуста же спринтерде картедж кылган.Баары жене-пене баары бир салондо зор отот...
+1
Jigitronic
2015-06-02 12:34:35
Эми алардын тоюна эч ким ичи тардык деле кылган жок,маа десе танка менен чыгышсын. Бирок саал өздөрүн адамдай алып жүрүшсө,тартипти сактап деген кеп да.Кыргыз байыса эле адырандап көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат.Ким болсоң ошо бол,бирок адамгерчилигиңдең айрыла көрбө.
0
Gulnaz.GS
2015-06-02 14:24:46
Тоже хочу ушундай свадьбаны.мечта
-1
modem4999
2015-06-02 15:41:05
Gulnaz.GS, кеп свадьбада эмес жашап кетиште...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан