Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушту

20-февралда КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Рие Хираоке менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Кыргызстандагы унаа жолдордун абалын жакшыртуу боюнча биргеликте иш жүргүзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү боюнча каражат издөө жүрүп жатканын айтты министр. Аталган банктын өкүлү бул стратегиялык мааниси бар жолдун курулушуна колдон келген жардамын берерин билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан