Жогорку Кеңеш Республикалык балдарды калыбына келтирүү борборуна жана Нарындагы лицей-интернатка 100 миң сомдон жардам берди

Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова, Роза Акназарова, Эристина Кочкарова жана Наталья Никитенко бүгүн, 1-июнда кароосуз калган балдар тарбияланып жаткан Бишкек шаарындагы Республикалык балдарды калыбына келтирүү борборунда болушту. Депутаттар борбордун тарбиялануучуларын Балдарды коргоо күнү менен куттукташып, Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом өлчөмүндө жардам тапшырышты. Ошондой эле балдардын жайкы мезгилде Жогорку Кеңешке караштуу Ысык-Көлдөгү пансионатта эс алуусу үчүн 70 жолдомо берилип, белек-бечкектер тартууланды.

Депутат Нарматова балдарга жакшы таалим-тарбия алып чыгып, өз мекенинин чыныгы атуулдарынан болуп жетилүүсүнө тилектеш экенин айтып, алардын тарбиячыларына кароосуз калган балдарга камкордук көрүп, таалим-тарбия берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. "Балдар – биздин келечегибиз. Кандай гана мамлекет болбосун, анын жетишкен ийгилиги калктын чабал катмарына көргөн камкордугу аркылуу бааланат",- деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом өлчөмүндө жардам Балдарды коргоо күнүнө карата Нарын шаарындагы жетимдер, турмушу начар үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар тарбияланып жаткан У.Асанов атындагы лицей-интернатка да берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан