Нарын шаарында 13 миң 563 өспүрүм бар. Алардын ичинен 7 миң 370 өспүрүм мектеп окуучулары. Бул маалыматты Нарын ШИИБинин башчысы Мадланбек Турпанбаев билдирди. Анын айтымында, 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайганы менен, жыл ичинде 4 өспүрүм өзүн-өзү өлтүрүүгө барган. Турпанбаев билдиргендей, окуучулардын өткөөл курагы, мектеп рэкетчилиги, ата-энелердин балдарын тынымсыз көзөмөлгө алып турбаганы өспүрүмдөр арасындагы суицидге жол ачууда.