Араб Эмираттарындагы кыргыз кылмышкерлерин экстрадициялоо жеңилдетилет. Тиешелүү келишимдер Жогорку Кеңештин
Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 2-июндагы жыйынында бир добуштан жактырылды. Эми бул документтер парламенттин Эл аралык маселелер боюнча комитеттин кароосуна жөнөтүлөт, андан соң Жогорку Кеңеш аларды талкуулап, ратификацияламакчы.
Айта кетсек, Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Чыгарып берүү жөнүндө", "Кылмыш иштер боюнча укуктук жардам берүү жөнүндө" келишимдерге 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган.