Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында өлкөдө полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу демилгеси талкууланды.
Демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, полиэтилен (целлофан) баштыктары шаарларды жана айылдарды булгоодо. "Алардын түбөлүккө чирибей жер кыртышын кирдетүүсү, жаратылышка тийгизген терс таасири дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө. Жыл сайын ондогон миллиард баштык пайдаланылат. Мындай баштыктардын арзандыгынан, салмагы жана көлөмү аздыгынан кайра иштетүү чөйрөсүндө дагы талап кылынбагандыгы көйгөйдү курчутуп жатат. Полиэтилен баштыктарынын ордуна экологияга терс таасир тийгизбеген кагаз же көп ирет пайдалануучу баштык жана эл арасында "авоська" деп аталуучу тор баштыктарды колдонуу туура",- деп түшүндүрдү Иманкожоева.