Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 2-июндагы жыйынында өлкөдө полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Талкууда депутат Бактыбек Калмаматов демилгеге каршы чыкты. "Бул мыйзамды кабыл алсак, адамдын колун кесип салгандай болобуз. Жарандар полиэтилен баштыктарын жашоодо көп учурда колдонушат. Мындай демилгенин көтөрүлүшү өкмөттүн алсыздыгынын белгиси. Өкмөт пластик буюмдарды кайра иштетүүчү ишкананы кура албай жатат. Биз баштыкты колдонууга тыюу салбай, аны акчага айландырышыбыз керек. Адамдардын ыңгайлуулугун да эске алуу зарыл",- деген пикирин айтты Калмаматов.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Эркингүл Иманкожоева полиэтилен баштыктарынын ордуна көп колдонуучу жана кагаздан жасалган баштыктарга өтүү зарыл деген пикирде. "2013-жылы мен Индияга барып келгем. Талааларда экологиялык абал абдан начар болгон. Баштыктар ар жерде жаткан. Ал эми жакында март айында кайра бул мамлекетке барганымда айлана таптаза болуп калганын байкадым, анткени мындай баштыктарды колдонууга тыюу салыныптыр.
Биз өлкөбүздөгү баштык чыгаруучу ишкерлер менен сүйлөштүк. Алар полиэтиленден кагазга өтүүгө даяр. Ошондой эле тигүү цехтерине жумуш болот. Адистердин билдиришинче, ишкерлер 16 миллион сом жоготушу мүмкүн. Жаңы пайдаланчу баштыктар арзан баада сатыла баштайт",- деди Иманкожоева.
Талкуунун жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Б.Калмаматов бул долбоорду колдогон жок.