Нарын. Нарын шаарындагы көчөлөргө унаа ылдамдыгын төмөндөтүүчү 13 дөңчө коюлат

Нарын шаарында айдоочулардын жол эрежелерин бузуу фактысы көп катталып жаткандыктан, шаардагы мектептердин жана жөө жүрүүчүлөр көп өтүүчү көчөлөргө унаа ылдамдыгын төмөндөтүүчү дөңчөлөрдү коюу пландалууда. Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев ар бир дөңчө Кытайдан 13-14 миң сомго алынып келине турганын айтты. Мэр билдиргендей, акча каражатын коротпой дөңчөлөрдү асфальт менен шагылдын аралашмасынан жасап койсо деле болот, бирок ал чет өлкөдөн келген делегаттар келгенде аларды шаар ичинен унаа менен алып жүрүүдө тоскоолдук жаратат. Ал эми Кытайдан алынып келе турган дөңчөлөрдү кереги жок учурда жолдон алып коюуга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан