Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарында "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Иш-чарада Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Борбор Азия өлкөлөрүндөгү миграция маселеси тууралуу пикирин билдирди.
"Миграция аймактагы коопсуздукка зор таасирин тийгизүүдө. Жумушсуздук жогору, жашоо деңгээли төмөн болгон бул аймакта баңгизаттарды жүгүртүүнүн, анын транзитинин, адамдарды соодалоонун, диний экстремизмдин жана сепаратизмдин жайылышы сыяктуу коркунучтар сакталып келет. Кыргыз мамлекетинин түштүгүн, Өзбекстандын чыгышын, Тажикстандын түндүгүн камтыган Фергана өрөөнүнүн орду өзгөчө.
Бул чөлкөмдө жашаган адамдардын жыштыгы дайыма жогорку деңгээлде богон. Азыр ушул жерде 1 чарчы километрде 360 киши жашайт. Салыштыруу иретинде айтсак, Индияда адамдардын жашоо жыштыгы 357 киши. Бул дегенибиз Ферганада адамдардын жыштыгы Өзбекстандын орточо жыштыгынан 6 эсеге, кыргыз мамлекетинин орточо жыштыгынан 12 эсеге, ал эми Казакстандын орточо жыштыгынан 56 эсеге көп",- деп белгиледи төрага.
Маселе боюнча өлкө жетекчилиги көрүп жаткан чаралар тууралуу спикер буларды айтты:
"Азыр миграциянын темпин азайтуу боюнча аракеттерди жасап жатабыз. Бардык региондорду, чакан шаарларды, айыл-кыштактарды өнүктүрүү милдети коюлуп жатат. Айылдык ички мигранттарды ири шаарларга интеграциялоо маселеси да турат. Азырынча жумушсуздук көйгөйүн чечүүдө эмгек миграциясын айласыздан өбөлгө катары колдонуп жатабыз. Анткени бизден кеткен мигранттардын баарынын теӊ эле барган жеринде жашоо-турмушу ойдогудай эмес. Ал жерде да толгон-токой көйгөйлүү маселелер бар. Аларды чечүү боюнча биздин мамлекетибиз үзгүлтүксүз иш жүргүзүп жатат. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине биротоло кириши менен биздин мигранттардын эмгектик жана жалпы эле укугу, медициналык жана социалдык абалы кыйла жакшырат деген ойдомун".