“Бишкекте өтүп жаткан конференция Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы менен кыргыз мамлекетинин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөчү жолугушуулар топтомунун биринчи иш-чарасы болуп каларына үмүт артам”,- деп билдирди ЕКПАнын Миграция, качкындар, калк жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Мариани 2-июнда “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу эл аралык конференцияда.
Анын билдиришинче, конференцияда талкууланып жаткан миграция маселелери Европа биримдигиндеги өлкөлөрдү да тынчсыздандырууда. “Конференциядагы маалымат менен пикир алмашуу ЕКПАнын Миграция, качкындар, калк жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясынын иши үчүн дагы абдан маанилүү болоруна терең ишенемин”,- дейт ал.
Айта кетсек, Бишкекте бүгүн “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу эл аралык конференция өтүп жатат.