Талас. Таластын тургундары таап алган курал-жарактарды милицияга тапшырып беришти
20-февраль күнү Талас облусунун айрым тургундары көчөдөн таап алган ок атуучу куралдарды милицияга өз каалоолору менен тапшырып беришкен. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Курал тапшыргандардын бири Бакай-Ата районунун Маданият айылынын Ж.У. аттуу тургуну. Куралды талаада мал кайтарып жүргөн учурда таап алган. Ал эми Талас районунун Жон-Арык айылынын жашоочусу Ш.Д. аттуу жаран да кой кайтарып жүрүп 1 даана жардыргыч зат, 29 даана ок таап алган. Учурда курал-жарактарга байланыштуу иликтөө иштери жүрүүдө.