Темир Сариев Ысык-Көл облусун кыдырып жүрөт

Премьер-министр Темир Сариевдин Ысык-Көл облусундагы 2 күндүк иш сапары башталды. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, премьер "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунун расмий ачылышына катышып, Балыкчы шаарындагы керамзит заводунун иши жана Тоң районундагы мектептердин биринин курулушу менен таанышат. Мындан тышкары өкмөт жетекчиси Жети-Өгүз районундагы каналды оңдоо иштери менен да таанышып, Каракол шаарында оңдолуп жаткан жолдордун абалын көрмөкчү. "Жайкы туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүү да пландалууда",- деп билдиришти өкмөттөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан