Өкмөт "Мегакомду" жеке менчикке сатуу чечимин кабыл алды

Өкмөттө бүгүн, 2-июнда "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун ("Мегаком") приватташтыруу боюнча экономика министри Олег Панкратовдун сунушу каралды. Министрдин билдиришинче, аталган компания 2015-2017-жылдары жеке менчикке берилүүчү объектилердин тизмесинде турат. "Санариптик телеберүүгө өткөндөн кийин жыштыктардын бир бөлүгү бошойт. Бул жыштыктарды биз аукционго коёбуз. Айрым байланышсыз аймактар бар, калкка байланыш кызматын көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу керек. Бардык аймактарда Wi-Fi жана 4G болушу шарт. Атаандаштык болсо, баалар да арзандайт",- деди министр. 
Премьер-министр Темир Сариев "Альфа Телекомдун" бардык кирешеси өлкө бюджетине түшүп, мекеменин өзүн өнүктүрүүгө каражат жетишпей жатканын белгиледи. "Эгер ушул багытта кете берсек, анда 2 жылдан кийин "Мегаком" кирешесиз мекемеге айланат. Компанияны мамлекеттин эсебинен колдоону баштасак кыйынчылыктар болушу мүмкүн",- дейт Сариев.
Жыйынтыгында өкмөт мүчөлөрү аталган компанияны жеке менчикке сатуу демилгесин бир добуштан жактырышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан