Жылнаама, 3-июнь: Мындан 43 жыл мурун Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева төрөлгөн

* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы экс-депутат, Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева Ленинград шаарында туулган. 1989-жылы Фрунзедеги №61-физика-математика мектебин алтын медаль менен аяктаган. Ошол эле жылы Москва мамлекеттик университетинин эсептөө математикасы жана кибернетика факультетине, 1992-жылы Швейцариянын Лозанна шаарындагы ишкердик башкаруу магистри адистиги боюнча Бизнес мектебине өткөн. 1994-жылы магистратураны аяктаган соң БУУга ишке орношкон. 2000-жылдан тартып Швейцариянын "Intracom General Machinery S.A" компаниясында кыргыз өлкөсүндө иштеген. Ал эми 2003-жылдан тартып Кыргыз Республикасындагы "Ага-хан" фондунда эмгектенген.
 
* Мындан 230 жыл мурун, 1785-жылы Франсуа Бланшар тарабынан ойлонуп табылган биринчи парашют Лондон шаарында сыноодон өткөн. Биринчи парашютчу катары ит сыналып, ал 300 метр бийиктиктен аба шарына байланып ыргытылган. Ит жерге аман түшүп, парашютту колдонууга жол ачылган.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы орус жеңил атлетчиси Елена Исинбаева Орусиянын Волгоград шаарында туулган. Ал Волгограддагы Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган, педагогика илимдеринин кандидаты. 
Елена Исинбаева - 2 жолку Олимпиада (2004-жыл, 2008-жыл) чемпиону, 5 жолку Дүйнө чемпиону, 2 жолку Европа чемпиону. Шыргый менен бийиктикке секирүү боюнча 27 жолу дүйнөлүк рекордду жараткан. 2005-жылы 22-июлда Лондондо бийиктикке секирүү боюнча аялдар арасында биринчи жолу 5 метр бийиктикти багындырган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Нигериядагы эң ири шаар Лагостон алыс эмес жерде MD-83 учагы кыймылдаткычы иштебей калып калктуу аймакка кулап түшүп, өрттөнүп кеткен. Учакта болгон 153 киши жана жерден 40тан ашуун адам каза болгон. Учак кулаган аймакка мародёрлор кол салып, жүргүнчүлөрдүн жүктөрү жана айлана-тегеректеги үйлөр тонолгон. 
3-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azamat.abdrahmanov
2015-06-02 20:50:33
торолсо не кылайлы
-4
Izdeim_seni.
2015-06-03 09:09:23
Azamat.abdrahmanov, олтура бер олтурган жеринде,сени бироо бир нерсе кыл деп жатабы?
+5
Bors
2015-06-02 21:05:04
Куттукта
+6
AiNuR_777
2015-06-03 00:49:53
Менда төрөлгөм 3-июньда туулган күнүбүз бир турбайбы.
+3
AMAHAT
2015-06-03 08:31:30
Куттуктайм туулган күнүнөр менен!
+2
AiNuR_777
2015-06-03 09:20:48
AMAHAT,Рахмат
0
chalkan
2015-06-03 08:50:58
Акаевдин кызы эмнеси менен атагы чыгыптыр, ичип жегени мененби?
-1
Izdeim_seni.
2015-06-03 09:08:15
Акаевдин кызы ото эле акылдуу кыз болгон,очень жаль что полученные за рубежом знания,она перенесла в другие русла. Деньги и власть затмили им всем глаза.
+2
bakyt_2015
2015-06-03 09:11:11
Билимдуу кыз экен,атасынын кадырын сатпай оз алдынча иш кылса деле биртоп ийгилик жаратмак окшойт
+3
Taku.14.02
2015-06-03 20:58:26
Бермет жакшы эле ак иштеген атасы качып кеткен кундо парламентке келип журдуго эч ким куно еойо албады
0
admin_portal
2015-06-04 13:00:02
Gulnaz.GS - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан