Кечээ, 2-июнда КРнын Каржы министрлигинде мекеменин башчысы
Адылбек Касымалиев менен Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти
Сума Чакрабарти жетектеген
делегациянын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушуунун максаты Борбордук Азия чөлкөмүндөгү
кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Жолугушууда муниципалдык
инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору жана өлкөнүн энергетика секторундагы
каржылоо мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле кыргыз жергесинин мамлекеттик
карызынын туруктуулугу жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү
жөнүндө кеп кылынды.
Маалымат үчүн: Өз ишин баштагандан, тагыраак
айтканда, 1993-жылдан бери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ)
башка инвесторлордон 640 миллион АКШ долларын мобилизациялоо менен экономиканын ар
кайсы тармактарындагы 100дөн ашуун долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына
600 миллион АКШ долларынан ашуун каражатты инвестициялаган. 2009-2011-жылдар
аралыгында Кыргыз Республикасынын экономикасы глобалдык кризистин кесепеттерин
жон териси менен сезип жаткан кезде, ЕРӨБ жалпы суммасы 270 миллион АКШ долларын
түзгөн 37 долбоорду ишке ашырып, 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам берип жана гранттык кошо каржылоону жүргүзүп, өзүнүн колдоосун күчөткөн. 63 өлкө жана 2 өкмөттөр аралык
институт мүчө болгон ЕРӨБ рынок экономикасын жана демократияны өнүктүрүүгө
колдоо көрсөтүп келет.