Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин декларациялоо иши жакшырат

Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитети 2-июнда саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский маалымат берди. Мыйзам долбоору саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жол-жоболорун бекемдөөгө арналган.

Комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери менен мүлкү декларацияда так жана туура көрсөтүлүүгө тийиш экендигин эске салып, маалыматтарды берүүдө жоопкерчилик чараларын көтөрүү зарылдыгын билдирди. Депутат Надира Нарматова саясий жана атайын кызматтарды ээлеп турган жарандардын мүлкүнүн декларацияда көрсөтүлүшү башка бир саясий кызыкчылыктар үчүн колдонулбашы керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан