Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» КРнын мыйзамына кол койду. Бул маалыматты Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты - мыйзамдарды аткаруу бийлик органдарынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө жана Мамлекеттик салык кызматына этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча иш кызматтарынын өткөрүлүп берилишине ылайык келтирүү болуп саналат.